Бишкекте “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аталышындагы мэрлердин форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана муниципалитеттердин өкүлдөрү, анын ичинде мМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргызстандагы БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Самман Джонг Тапа жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген шаар башчылары катышты.
Министрдин орун басары Марат Тагаев муниципалитеттердин балдардын жана жаштардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү ордуна токтолду. Ал өз сөзүндө буларды белгиледи:
“Балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына ылайык шаарларды куруу – бул өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция. Биз ар бир бала жана жаш адам жашоосуна тиешелүү чечимдерди кабыл алууга активдүү катыша ала турган инклюзивдүү башкаруу моделин түзүүгө умтулабыз. Министрлик бул демилгелерди ишке ашырууда шаарларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”.
Форум балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн кызматташтыкты жана аракеттерди бекемдөөгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында 2022–2023-жылдар үчүн ““Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки этапка катышуу тартиби сунушталды. Катышуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга жана жаштарга ыңгайлуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн, ошондой эле бул чөйрөдөгү прогрессти мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерин талкуулашты.
Бул сынак “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу муниципалитеттер” программасынын алкагында өткөрүлөт. Бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн биргелешкен демилгеси болуп саналат. Анын негизги максаты – балдар менен жаштардын муктаждыктарына багытталган инклюзивдүү саясатты киргизүүгө жана ресурстарды туура бөлүштүрүүгө муниципалитеттерди стимулдаштыруу.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джонг Тапа форумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына ылайык шаарлар – бул жаш муундардын жашоосун жакшыртуунун ачкычы гана эмес, ошондой эле коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Биз бул маанилүү программаны ишке ашырууда Кыргызстан менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз”.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
