Бишкекте «Pro.КЫЙМЫЛ» биринчи кыймылсыз мүлк форуму өттү.
Катышуучулар Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногунда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, риэлторлорду сертификациялоо жана чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча негизги маселелерди талкуулашты.
Иш-чарага тармактын алдыңкы өкүлдөрү, анын ичинде риэлторлор, инвесторлор, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү катышты.
Форумда жаңы чечим сунушталды – риэлторлорду эки жылда бир жолу милдеттүү түрдө кайра аттестациялоо. Бул чара айкындуулукту жогорулатууга жана кардарлардын укуктарын коргоого багытталган.
Темир Сариев негизги сөз сүйлөп, риэлторлорду аттестациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул маселеде Соода-өнөр жай палатасынын мындан аркы ишинин багыттарын белгиледи. Сариевдин айтымында, сертификацияны киргизүү ачык-айкын жана туруктуу кыймылсыз мүлк рыногун түзүүгө жардам берет, бул Кыргызстандын рыногуна чет өлкөлүк өнөктөштөр жана инвесторлор тарабынан ишенимди жогорулатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
