Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү - жеңүүчүлөр
Бишкекте 16-ноябрда фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Маалыматка ылайык, мелдеш чоңдор арасында өтүп, республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана фехтование федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
1-орун Акмал Мойдунов;
2-орун Барсбек Райымбеков;
3-орун Жоодат Эсеналиев;
3-орун Илим Бакытбек уулу.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун Акак Кеңешова;
2-орун Мунира Мырзатаева;
3-орун Амина Куралбекова;
3-орун Камила Абдыл-Хамитова.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
