Бишкекте III Элдик курултай башталды
Бишкектеги президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай башталды. Ал эки күнгө уланат – 20-21-декабрь.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда.
Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
