Бишкекте эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунда ГЭС-2 айылынын Суворов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) башкаруу унаасы менен ыкчам топ тартылган.
Жалын саат 11:40та толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
