Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат - ИА Караван Инфо
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат

Бишкекте 20-декабрда аба ырайына байланыштуу 5 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 4 муниципалдык автобус жолдон чыгып кеткен, бир учурда жеңил унаа муниципалдык автобусту сүзгөн. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жеңил унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенди.

Белгилей кетсек, 4 автобус эч кандай техникалык зыянга учураган эмес жана бүгүнкү күндө кадимки режимде шаардыктарды  тейлеп жатат.

Алсак, саат 09:00гө карата «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 1041 автобусу каттамда. Өз кезегинде муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калууда.

Ошондой эле жарандар коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөй алышат.

        

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: