Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 15-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын достугун жана маданий кызматташтыгын даңазалаган «Кыргыз-Өзбек достугу» аттуу чоң программадагы концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышты.
Филармония сахнасында эки өлкөнүн белгилүү искусство өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттик программада Кыргызстан менен Өзбекстандын маданиятынын өнөр байлыгы менен ар түрдүүлүгүн чагылдырган жаркын музыкалык жана бий номерлери камтылган. Өзгөчө Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын жаңы алган Озодбек Назарбеков өзүнүн популярдуу ырларын аткарып, кыргыз көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапты.
Бул иш-чара бир тууган элдердин бекем достугун жана маданий алакасын бекемдеген иш-чара болду.
Ал келечекте достукту жана коңшулук мамилени чыңдоо багытында биргелешкен долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
