Бишкекте бүгүн, 22-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн, улуттук “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин жана кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында “Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы” аттуу медиафоруму өткөрүлдү.
Медиафорумдун ачылышында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Исаева Джамиля, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов куттуктоо сөздөрү менен чыгышты, форумдун модератору катары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрнин орун басары Марат Тагаев иш алып барды.
Иш-чарага 200гө жакын медиа өкүлдөрү, анын ичинде эксперттер жана журналистиканын ардагерлери катышты.
Медиафорум «Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы: тарыхы, жетишкендиктери жана кыйынчылыктары» жана “Глобализация шарттарында журналистика: адаптация жана инновация” деген темалардын алкагында өттү.
Медиафорумда спикерлер эң актуалдуу темалар боюнча баяндамаларды жасашып, журналистиканын ар кайсы багыттарындагы кесипкөйлүктү жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Кыргыз журналистикасынын тарыхый көрүнүшү” аттуу фото көргөзмө уюштурулуп, кыргыздын алгачкы улуттук гезити “Эркин Тоого” арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан тышкары, Кыргыз басма сөзүнүн тарыхы: “Эркин-Тоо” гезити (1924–1927-жылдар)» жана “ЭРКИН ТОО” (“Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу”) гезитинин тарыхы” деген китептердин бет ачары болду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
