Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасына Иран курамасы менен беттеште колдоо көрсөтүү үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барды.
Мамлекет башчы менен бирге стадионго Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле башка жогорку кызматтагы адамдар келишти.
Бул иш-чара өлкө жетекчилиги спортту өнүктүрүүгө жана улуттук командаларды колдоого олуттуу маани берерин дагы бир ирет айгинелейт.
Президент Садыр Жапаровдун кыргыз футболчуларын колдоо үчүн беттештерге келиши жакшы салтка айланды.
Бүгүнкү оюн Кыргызстандын курамасына жеңиш алып келерине ишенебиз.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында Ирандын курамасы менен ойноп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
