Бишкекте "Кыргызстан-Сиань" туристтик форуму өттү - ИА Караван Инфо
Бишкекте "Кыргызстан-Сиань" туристтик форуму өттү

Бишкекте туризм тармагынын, бизнестин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чогулткан “Кыргызстан-Сиань” туристтик форуму өттү. Бул тууралуу КР СӨПТүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Форумга КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров катышты.

Катышуучулар туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, тажрыйба алмашып, Кытай менен Кыргызстандан туристтерди тартуу боюнча жаңы демилгелерди сунушташты.

Биргелешкен туристтик маршруттарды түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн маданий мурастарын жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мамасадык Бакиров Кыргызстан менен Сиань шаарынын туристтик байланыштарын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Форум жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган диалог аянтчасына айланды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: