Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 31-октябрда Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын 85 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу даният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева маданият ишмерлери, искусство чеберлери жана коомчулук катышты.
Мааракени маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова ачып, окуу жайдан миңдеген улан-кыздар тарбияланып, кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп жатканын ошондой эле профессионал кадрларды даярдоодо орду чоң экенин белгиледи.
Байсалов 85 жыл аралыгында окуу жай музыкалык искусствонун ар түрдүү тармактарындагы 5000ден ашык адисти даярдап чыгарганын, бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын сыймыгына айланган белгилүү инсандар экенин белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан адистерге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
