Бишкекте окуучулар Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча спектакль көрүштү - ИА Караван Инфо
Бишкекте окуучулар Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча спектакль көрүштү

Бишкектеги Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында атайын мектеп окуучулары үчүн Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде коюлган спектакль тартууланды. 

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, спектакль Ленин районунун №84,№77, №82 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин 700 окуучусуна көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды мектеп мугалимдери жана балдар иштери боюнча инспекторлор коштоп жүрүштү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу жөнүндө” жана «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктарын аткаруу максатында уюштурулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: