Бишкекте пара жана сурдо шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат - ИА Караван Инфо
Бишкекте пара жана сурдо шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат

Бишкекте 11-ноябрда пара жана сурдо шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Гүлбарчын Малаева, Кыргыз Республикасынын Паралимпиада комитетинин президенти Эрмек Мукашев жана спортчулар катышты.

Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия жана Вьетнамдан келген 79 спортчу катышууда.

Мелдеш 11-ноябрда башталган, 17-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: