Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды - ИА Караван Инфо
Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

2024-жылдын  титулдук тизмесине ылайык,   Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү, узундугу дээрлик 2 чакырымды түзөт.

Иштер үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этапта Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү, экинчи этапта Чүй проспектисинен А.Огонбаев көчөсүнө чейинки жана үчүнчү этап Огонбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоодо асфальттын эски катмары алынып (фрезерленип), бордюрларды алуу жана орнотуу,  түтүктөр үчүн кутуларды орнотуу иштери жүргүзулдү.

Мындан тышкары, эскирген түтүктөр «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы  тарабынан алмаштырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: