Бишкекте салтка айланган "АгроТехЭкспо-2024" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт - ИА Караван Инфо
Бишкекте салтка айланган "АгроТехЭкспо-2024" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Бишкекте Т.Усубалиев атындагы аянтта 18нан 20-октябрга чейин “АгроТехЭкспо-2024” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эске салат. 

Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык жабдыктар, дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка көптөгөн заманбап айыл чарба жаатындагы техникалар, жабдуулар, шаймандар көрсөтүлөт.

Көргөзмө жана жарманкеге үч күндүн ичинде республиканын бардык облустарынан 20 миңге жакын дыйкан-фермерлердин келүүсү күтүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: