Бишкекте шайлоо боюнча штабдын отуруму өттү - ИА Караван Инфо
Бишкекте шайлоо боюнча штабдын отуруму өттү

Бишектин Октябрь акимчилигинде 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча штаб жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйында Бишкекте жана шайлоо күнү жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы талкууланып, материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселеси да каралды.

Ага райондун акими Жаныбек Орозалиев, БАШКнын төрагасы Бахадыр Конуров, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгында райондун акими шайлоо участкаларынын кураторлоруна материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: