Бишкек, 2026-жылдын 28-ноябры – Karavan Info маалымат агенттиги . Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, 27-ноябрда Бишкекте таэквондо GTF (JITIF) боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Улан Молдодосов расмий континенталдык турнирдин ачылыш аземине катышты.
Азия чемпионатында 18 жаштан 37 жашка чейинки эркектер жана аялдар, ошондой эле ардагерлер (1-ден 5-данга чейинки кара курлардын ээлери) медалдар үчүн ат салышат.
Азия чемпионаты бир нече жаш курактык категорияларды камтыйт: 15-17 жаштагы өспүрүмдөр, 12-14 жаштагы балдар жана 10-11 жаштагы балдар жана кыздар.
Мелдеш төмөнкү дисциплиналар боюнча өткөрүлөт: хён, массоги, поинт-стоп, пауэр-брейк, атайын техника жана командалык дисциплиналар.
Континенталдык чемпионатка 25 өлкөдөн 1500гө жакын спортчу катышууда.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
