Бишкектеги абанын булганышы үчүн темир жол курамы айыпка жыгылды - ИА Караван Инфо
Бишкектеги абанын булганышы үчүн темир жол курамы айыпка жыгылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 11-ноябрда темир жол транспорту менен абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүгө Бишкектин жанында көмүр менен иштеген паровоздун коюу түтүнү тартылган социалдык тармактарда жарыяланган видео себеп болду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору экологиялык коопсуздук нормаларынын сакталышын текшерүү үчүн Кыргыз темир жолуна барышты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протокол түзүлүп, эреже бузган адамга 23 миң сом айып салынды.

Кыргыз Республикасынын “укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 234-беренесине ылайык булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилген деңгээлинен ашып кетүү администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

Эгерде сиз абанын булганышына же жаратылышты коргоо тармагындагы башка мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин 118 номери боюнча ишеним телефонуна билдирүү калтырсаңыздар болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: