Бүгүн, 11-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, бул гранттык макулдашуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган.
Тагыраагы, япон тарап Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды өркүндөтүү үчүн 1,5 миллиард япон иени өлчөмүндө грант берет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
