Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Муниципалитеттин башчысы борбор калаанын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошентип, жемиштүү эмгеги жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн прокуратура органдарынын төмөнкү кызматкерлери сыйланышты:
Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты баалуу белеги менен:
– Насипов Канат Жумалиевич;
– Кудакеев Исланбек Бейшеналиевич.
Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө тапшырылды:
– Алымкулова Гүлзат Абатбековна;
– Амангелдиев Элдияр Амангелдиевич;
– Асанова Сымбат Сүйүнбековна;
– Белекова Медина Белековна;
– Сапарбай уулу Самат;
– Талайбек кызы Айгерим.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
