Борбор Азия лидерлери Астанада өткөн RES-2026 пленардык жыйынында сөз сүйлөштү – ИА Караван Инфо
Борбор Азия лидерлери Астанада өткөн RES-2026 пленардык жыйынында сөз сүйлөштү

АСТАНА, 2026-жылдын 22-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Астанада RES-2026 аймактык экологиялык саммитинин алкагында аймактык лидерлердин катышуусунда пленардык жыйын өттү.

Баяндамаларды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон , ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка достук мамиледеги өлкөлөрдүн президенттери жасашты.

Мамлекет башчылары өз сөздөрүндө региондун экологиялык күн тартибинин артыкчылыктарын белгилеп, климат жана туруктуу өнүгүү жаатында мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

"Караван Инфо" маалымат агенттиги саммиттин маалыматтык өнөктөшү катары кызмат кылууда. Саммиттин жаңылыктарын жана маанилүү окуяларын биздин бардык платформаларыбыздан байкап туруңуз.

Сүрөт жана видео: IA Karavan Info

error: