Борбор калаага жасалган аба чабуулу кайтарылды: сегиз дрон жок кылынды.
МОСКВА, 2026-жылдын 20-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаага карай бара жаткан пилотсуз учуучу аппараттардын чабуулунун мизин кайтарганын билдирди.

Анын айтымында, нөөмөттө турган абадан коргонуу системалары тарабынан сегиз учкучсуз учуучу аппарат жок кылынган.
Окуя 20-августтун түнү болгон. Өзгөчө кырдаалдар кызматы уранды талаасында иштеп жатат.
Буга чейин, 19-августта Донецктеги дрондордун чабуулунан бир адам каза болуп, төртөө жаракат алып, соода жайлары, гараж жана турак жай аянты жабыркаган.
Сүрөт: Подмосковие Сегодня / Наталья Надточая
