Будапешт, 2026-жылдын 15-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Венгриянын борборунда Казакстандын кино күндөрү өтүп жатат. Тарыхый Урания кинотеатрында үч казакстандык тасма көрсөтүлүүдө.

Программа ырчы Амре Кашаубаев жөнүндөгү "Амре" аттуу тарыхый биографиялык тасма менен ачылды. Ошондой эле "Кайтадан" тасмасы жана "Энеге жол" драмасы көрсөтүлдү. Иш-чарага дипломаттар, маданият ишмерлери, киноиндустриясынын өкүлдөрү, казак диаспорасы жана студенттер катышты. Казакстандын Венгриядагы элчиси Анель Бакытбек кызы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Шакен Айманов атындагы «Казакфильм» киностудиясын Гүлзат Шуренова-Калышук тартуулады. Актёр Санжар Мади менен продюсер Жалын Тлеубергенов долбоорлору тууралуу айтып беришти.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
