Эл аралык Тоо күнү жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 23-октябрды «Эл аралык Ак илбирс күнү» деп жарыялоо тууралуу резолюциясынын кабыл алынышын утурлай Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун штаб-квартирасында “Ак илбирс: Азиянын бийик тоолуу экосистемасынын элчиси” аттуу сүрөткөргөзмө уюштурду.
Сүрөткөргөзмө 11-декабрда – Эл аралык Тоо күнүндө салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Эң артта калган өлкөлөр, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан мамлекеттер жана чакан арал мамлекеттери боюнча жогорку өкүл, Монголиянын, Непалдын, Андорранын, Индонезиянын, Лихтенштейндин, Албаниянын, Эритреянын, Австриянын, Сингапурдун, Сальвадордун, Грузиянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Малавинин, Молдованын, Сент-Люсиянын туруктуу өкүлдөрү, БУУга мүчө башка мамлекеттердин дипломаттары жана Программанын, Айлана-чөйрө боюнча БУУнун Программасынын, Эл аралык илбирс фондунун өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чара Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо, тоолуу өлкөлөрдүн маселелерин илгерилетүүдө жана уникалдуу бийик тоолуу экосистемаларды коргоодо көрсөткөн глобалдык лидерлигин көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Сүрөткөргөзмө ак илбирсти Азиянын бийик тоолуу экосистемасынын уникалдуу символу жана биологиялык ар түрдүүлүктүн ажырагыс бөлүгү катары даңазалады. Экспозицияга коюлган эмгектер дүйнөлүк коомчулукту ак илбирстин жана анын жашоо чөйрөсүнүн мааниси тууралуу ой жүгүртүүгө чакырып, аларды коргоонун зарылдыгын эскертти. Сүрөттөрдө ак илбирс менен бирге бийик тоолуу экосистемалардын климаттык туруктуулукка кошкон салымы чагылдырылган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
