Душанбе, 2026-жылдын 21-апрели — Karavan Info маалымат агенттиги. 2026-жылдын 18–20-апрелинде Душанбеде CASA-1000 аймактык электр энергиясын берүү долбоорун ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуулар өттү.

Жолугушууга Тажикстан Республикасынын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума, Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) компаниясынын жетекчилиги, Дүйнөлүк банктын жана подрядчы Kamani Engineering Corporation (KEC) компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө министр CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу аймактык кызматташтыкты чыңдоо, катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимди жогорулатуу жана экологиялык жактан таза электр энергиясын экспорттоону камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Учурда долбоорго катышкан төрт өлкөнүн ичинен үчөөндө – Кыргыз Республикасында, Тажикстан Республикасында жана Пакистан Ислам Республикасында курулуш иштери толугу менен аяктаганы, ал эми Ооганстанда курулуш иштери уланып жатканы белгиленди.

Тараптар иштин жүрүшүн, техникалык жана каржылык маселелерди, иш-чараларды андан ары координациялоону жана Ооганстандагы калган иштердин аяктоо мөөнөтүн талкуулашты. Буга байланыштуу, КЭК өкүлдөрү жаңыртылган планга ылайык, Ооганстан бөлүгүндөгү иштер 2027-жылдын жазында аяктаарын, ал эми долбоордун коммерциялык эксплуатациялоо этабы 2027-жылдын жайында башталарын билдиришти.
Бул маанилүү аймактык долбоордун толук аякташы энергетика рыногун өнүктүрүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана долбоорго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.
СҮРӨТ: Тажикстан Республикасынын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги
