Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.Мурсалиев жана ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары офицердик курам катышуусунда 11-ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 186миң 059 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Алардын ичинен:
Кеңешменин соңунда Чүй ОИИББ ЖКККБнын башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМдин эки айлык иш-мерчемине ылайык, Чүй облусунун аймагында оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарын алдлын алуу, жана болтурбоо максатында иш-чараларды күчөтүү жана ошондой эле бүгүнкү күндө орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактарды күчөөтү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды койду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
