Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Шамшы дарыясына чакан ГЭС куруу долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу РКӨФнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы “Шамшы” ГЭСинин кубаттуулугу 1,7 МВт болуп, ал жылына 10 млн кВт/саат электр энергиясын кошумча иштеп чыгары пландалууда.
“Жаңы ГЭСтин курулушу Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, аймак үчүн да, жалпы Кыргызстан үчүн да чоң пайда алып келет деп ишенем”, – деди РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
Новиков белгилегендей, акыркы 3,5 жылдын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду республика боюнча гидроэнергетика тармагында 16 жаңы долбоорду ишке ашыра баштады. Алар 700 млн киловатт-саатка жакын электр энергнясын иштеп чыгарат, бул өлкөдөгү энергия тартыштыгын бир кыйла кыскартат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
