Чүйдө көмөк чордондордун жабдуулары жаңыланууда - ИА Караван Инфо
Чүйдө көмөк чордондордун жабдуулары жаңыланууда

Чүй электр тармактар ишканасынын көмөк чордондорунда жабдуулар жаңыланууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында Москва районундагы “Ак-Суу” көмөк чордонунда электр линиясынан токту кабыл алуу жана керектөөчүлөргө андан ары бөлүштүрүү кызматын аткарган 6 кВ кубаттуулуктагы бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулууда. Орнотуу иштери көмөкчордондор кызматынын Жайыл тобунун энергетиктери тарабынан жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, мындай электр энергиясын бөлүштүрүү кызматын аткарган заманбап жабдуу буга чейин Ысык-Ата районундагы “Ивановка”, Сокулук районундагы “Жаңы-Жер” көмөк чордондорунда орнотулган.

Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Маалымат: 110/35/6 кВ “Ак-Суу” көмөкчордону 1988-жылы пайдаланууга берилген. Көмөкчордон Москва районун электр энергиясы менен камсыз кылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: