Чүйдө куткаруучулар арасында футбол боюнча мелдеш өттү - ИА Караван Инфо
Чүйдө куткаруучулар арасында футбол боюнча мелдеш өттү

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаары боюнча бөлүмүнүн өздүк курамы арасында футбол мелдеши өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке куткаруучулардан түзүлгөн 4 команда катышты.

Командалар жеңишке жетүү үчүн бардык күчүн жумшап, кубокту утуп алуу үчүн жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Оюн талаасында мыкты деп табылган командалар кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: