Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды - ИА Караван Инфо
Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 100 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кенештин депутаты Гулкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери катышты

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

Министр президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетине өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн.

Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Чолпон-Ата шаарынын тургундарын медициналык тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат, ошондой эле бардык туристтер үчүн шарттар түзүлөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: