Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана энергокомпаниялардын жетекчилери 2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайджанда уюштурулган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынынын 29-сессиясына (COP-29) катышты.
СОР29 төрагалыгы астында негизги эл аралык кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктө уюштурулган бул министрлер катышкан иш-чара энергетикалык демилгелерди, жашыл энергетикалык милдеттемелерди, анын ичинде жашыл энергетикалык зоналарды жана коридорлорду, СОР29 энергияны сактоо жана тармактар боюнча глобалдык милдеттемени аткаруу, СОР29 суутек декларациясы жана алардын Париж келишиминин максаттарына, ошондой эле мурда кабыл алынган башка милдеттенмелерге кошкон салымын талкуулоого багытталган. Ошондой эле бул демилгелерге ар тараптуу жана кеңири колдоо көрсөтүү, кызыкдар тараптардын кызматташтыгын жана жеке секторду тартууну камтыган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруунун стратегияларын карап чыгууга багытталган.
Аталган иш-чаранын алкагында катышуучуларга Кыргыз энергетикасы тууралуу презентация жасалып, ири ГЭСтердин макети көргөзмөгө коюлуп, энергетикалык коопсуздукту алдын-алууга багытталган ири долбоор тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү.
Форумда КРнын энергетика министри Т.Ибраев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлѳрдүн учурдагы абалын жана бул өзгөрүүлөрдүн өлкөнүн энергетика тармагына тийгизе турган таасирине токтолду. Анын кесепеттерин жоюуга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.
Бакуда өткөн иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бир катар өлкөлөр ортосунда энергетика тармагында кызматташуу максатында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында тийиштүү документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтер:
1. Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алкагында таза энергия боюнча Уставга кол коюлду
Азербайджанда откон форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алкагында таза энергия боюнча Уставка кошулуу үчүн кол койду.
Бул Устав Экономикалык кызматташтык уюмунун таза энергия борборунун уставы энергетика тармагындагы кызматташтыкты жана аймактагы ишмердүүлүктү кеңейтүү жана бекемдөө максатында демилгеленген.
Тараптар кол коюлган документ кызматташуунун тереңдетүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө багыт алат деген ишенимин билдиришти.
2. Энергетика министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) GmbH ортосунда Макулдашууга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) GmbH ортосундагы “Борбордук Азиядагы энергиянын кайра жаралуучу булактары” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Тийштүү документке КРнын энергетика министри Т.Ибраев жана долбоордун башчысы Илка Старрост.
Кол коюлган документ Борбордук Азия үчүн региондук долбоор болуп саналат жана глобалдык энергетикалык өтүүнүн жана региондук энергетикалык кызматташтыктын алкагында Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы энергетикалык сектордо техникалык кызматташтыкты орнотууга багытталган.
3. Кыргызстан менен Азербайджан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Азербайджан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча Жол картасына кол коюлду.
Аталган документке КРнын энергетика минисри Т.Ибраеа жана Азербайджан Республикасынын Энергетика министри Шахбазов Парзив Октай ОГЛЫ кол койду.
Бул 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Азербайджан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун негизинде энергетика тармагында кызматташуу боюнча Жол картасы болуп эсептелет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
