Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткарат
Данияр Амангельдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды”, – дп айтылат билдирүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангельдиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
