Добуштарды сатып алуу: Кылмыш иши козголду - ИА Караван Инфо
Добуштарды сатып алуу: Кылмыш иши козголду

Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө жаран И.Н. “Адилет” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.И.нын пайдасына 113 шайлоочунун добуштарын сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча каражатын бергендиги, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банк аркылуу акча каражатын которуу жолу менен бергендиги аныкталган.

Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана “Адилет” саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабынын жашаган жерин тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталды.

Жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө И.Н. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: