Фермерлер асыл тукум чарба статусун ала алышат - ИА Караван Инфо
Фермерлер асыл тукум чарба статусун ала алышат

Фермерлер асыл тукум чарба статусун ала алышат, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 18-ноябрдан баштап министрлер кабинетинин токтомунун негизинде 111 асыл тукум субъекттердин ишмердүүлүгүнө атайын түзүлгөн комиссия мониторинг жүргүзүлөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги асыл тукум чарба статусун алууну каалаган фермерлерге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына арыз менен кайрылып, керектүү документтерди даярдап, асыл тукум чарба статус алуу мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: