Өгөй атасынын колунан каза тапкан Дарьянын өлүмү боюнча кылмыш иши прокуратуранын көзөмөлүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маалымат агенттиктеринде 17 жаштагы Дарьянын өгөй атасы тарабынан өлтүрүлүшү тууралуу жарыяланган макалага байланыштуу, борбор калаанын тергөө органдары тарабынан жабырлануучуну уурдоо жана өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатканын маалымдайт.
Тергөөчүлөр жетиштүү далилдерди чогултуу үчүн ыкчам чараларды жана тергөө аракеттерин жүргүзүп, бир катар маанилүү экспертизаларды дайындашты.
Тергөө иштеринин жүрүшү прокуратуранын контролунда турат.
Белгилей кетсек, мындай категориядагы кылмыштар боюнча прокурорлор тарабынан дайыма көзөмөл жүргүзүлүп келет жана бардык процессуалдык аракеттер мыйзам чегинде ишке ашырылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
