«Главная» көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери аяктап калды - ИА Караван Инфо
«Главная» көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери аяктап калды

«Главная» көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери аяктап калды, деп билдирет Энергетика министрлигинин маалымат кызматы.

Реконструкциялоо иштердин жүрүшүндө “Главная” көмөк чордонунда 10 кВт чыңалуудагы май өчүргүчтөрү бар тышкы типтеги толук таратуучу түзүлүш жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Мындан тышкары, релелик коргоо жана автоматташтыруу системасы жаңыртылып, кабелдер төшөлдү.

Бүгүнкү күндө жаңы өчүргүчтөрдү орнотуу иштери аяктап калды.

Эски жабдуулар 50 жылдан ашуун кызмат кылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгү жана сапаты жогорулайт.

Эске салсак, өткөн жылы «Главная» көмөк чордонунда кубаттуулугу 200 МВА болгон 2 автотрансформатор орнотулуп, подстанциянын кубаттуулугу 150 МВАга көбөйтүлгөн.

Маалымат: 220/110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Главная» көмөк чордону Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан. Көмөк чордон 1968-жылы Бишкек энергия түйүнүнүн түндүк бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр менен камсыз кылуу үчүн ишке киргизилген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: