ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 17-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибан өкмөтүнүн Коргоо министрлигинин башкы инспектору Латифулла Хакими Пекинде өткөн 13-Сяншань эл аралык коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып, Ооганстан аймактык атаандаштыктын аренасына айлангысы келбей, аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы "кызматташтык көпүрөсү" болууга умтулаарын билдирди.

Анын айтымында, бир нече ондогон жылдар бою созулган согуштун тажрыйбасы Ооганстанда узак мөөнөттүү туруктуулукка бир гана аскердик күч менен жетишүү мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал үчүн өз ара урматтоо, аймактык кызматташтык жана экономикалык туруктуулук талап кылынат.
«Биздин билдирүүбүз ачык: Ооганстан аймактык атаандаштыктын аренасына айлангысы келбейт, тескерисинче, аймактык кызматташтык үчүн көпүрө болгусу келет», – деди Хакими.
Ал ошондой эле анын өкмөтү баңгизат өстүрүүгө жана аткезчиликке, ошондой эле Ооганстандын жана аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирген башка иш-аракеттерге каршы күрөшүп жатканын билдирди.
Хакиминин айтымында, Кабул бардык өлкөлөр менен өз ара урматтоого, кийлигишпөөгө, улуттук эгемендүүлүктү жана жалпы кызыкчылыктарды урматтоого негизделген мамилелерди кеңейтүүгө умтулат.
Коргоо министрлигинин башкы инспектору Ооганстандын коопсуздугун Түштүк жана Борбордук Азиянын коопсуздугу менен байланыштырып, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аймактык аракеттерди көрүүгө чакырды.
Сяншань конференциясы 2006-жылдан бери Кытайдын Аскер илимдер академиясынын жана Кытайдын Стратегиялык изилдөөлөр ассоциациясынын катышуусунда өткөрүлүп келет. Кытай жана аймактагы башка бир катар өлкөлөр Талибан өкмөтүн расмий түрдө тааныбаса да, алар Ооганстандан өз коопсуздугуна коркунучтарды башкарууга аракет кылып, аны менен кеңири жумушчу байланыштарды сактап келишет жана мезгил-мезгили менен Талибандын өкүлдөрүн эл аралык жана аймактык форумдарга чакырып турушат.
Сүрөт: Ооганстандын Улуттук радиосу/телевидениеси "Мили"
