17-18-октябрда “Khatlon Invest-2024” Эл аралык форумунун жана “Bokhtar Food” көргөзмөсүнүн алкагында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ишкерлер жана инвесторлор ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлат.

Хатлон облусунун төрагасынын басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун жүрүшүндө айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, элдик кол өнөрчүлүк жана облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.
Хатлон облусунун төрагасы Давлатали Саид “Khatlon Invest-2024” Эл аралык форуму жана “Bokhtar Food” көргөзмөсү Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун атынан өтүп жатканын билдирди.
Форумдун максаты – республиканын мүмкүнчүлүктөрүн жана экспорттук продукцияларын көрсөтүү аркылуу ата мекендик продукциянын ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экспорттук өндүрүштү чыңдоо жана сатып алуучулар менен экспортерлордун ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүү.
Сүрөт: Хатлон областынын терагасынын басма сөз кызматы
