III Элдик курултай: 3 миңден ашуун милиционер коомдук коопсуздукту камсыздоодо
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда 3 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Белгилей кетсек, курултайга 700 делегат, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын өкүлдөрү катышууда.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Курултайды өткөрүүдө тартипти сактоо үчүн 3000ден ашуун милиция кызматкери тартылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу менен негизги аймактарда кызмат кылууда.
Курултайдын ишин 100дөн ашык аккредитацияланган ЖМК өкүлдөрү чагылдырууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
