Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай башталды.
Курултайдын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды кабыл алуу үчүн атайын бурч уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрлик 6 жаранды кабыл алып, алардын төртү оозеки, экөөсү жазуу түрүндө кайрылышты.
Кайрылуулар ар кандай социалдык маселелерге байланыштуу болду.
Катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн негизги маселелер-чек ара аймактарында жашаган жарандар үчүн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо тартиби жана аны алуу шарттарын тактоо, “Келечекке салым” балдар депозитине байланыштуу маселелер, “Баатыр эне” жөлөкпулун алуу боюнча маселелер болду.
Курултайдын катышуучулары министрликтин өкүлдөрүнө суроолорду берип, социалдык коргоо, эмгек укуктары, миграция жана башка актуалдуу маселелер боюнча суроолорду берип жана сунуштарды айта алышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
