Ички иштер министри милициянын, генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков аппараттык онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде жаңы 2025-жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, унаа кырсыктарын алдын алуу маселелери каралды.
ИИМ жетекчиси өз сөзүндө, өлкөбүздүн стратегиялык жолун бекемдеген, экономикалык өсүп-өнүгүүлөр арышын кенен таштаган, жарандардын жашоо-турмушу кадыресе жакшырган, ички жана тышкы саясатта жеңиштерди багындырган, мамлекеттик жогорку деңгээлден баштап, жергиликтүү бийлик органдарына чейин, баардык тармактардын иштөөсүнө мыкты шарттар түзүлгөн жана башка бир катар ийгиликтерге мол жылдардан болду деп баса белгиледи.
“Жакынкы арада “Коопсуз өлкө” долбооруна кайсы жетекчи кандай аракеттерди жасагандыгын карап, баа беребиз. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда, туристтик зоналарда катталган кылмыштуулук кескин түрдө азайып, жокко эсе көрүнүшкө келиши зарыл. Элдин көңүлүн өзүнө дайыма бурган жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулуктар, жол кырсыктарынын саны да азайышы керек. Мына ушундай максаттарды көздөп, өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн иш алып барууга милдеттүү экениңиздерди унутпаңыздар.
Азыркы мезгилде, баардык жарандарыбыз жаңы жылды жакшы тилек, жылуу маанай жана жогорку үмүт менен күтүп алууга кам көрүп жаткан учур. Ички иштер органдары бул майрамды тосуу убагында “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөп, коопсуздукту камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып барат. Эл-журтубуздун бейпилдигин сактап, коомчулукка ак ниет кызмат өтөө – милициянын негизги милдети. Алдыбызга койгон максаттар жана келээрки жылы ишке ашыра турган багыттар боюнча тиешелүү иштерди алып барыңыздар”, – деди Улан Ниязбеков.
Кеңешменин жүрүшүндө жер-жердеги ички иштер башкармалыктарына төмөнкү тапшырмалар берилди:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
