ИИМ блогер Батма Жолболдуеванын билдирүүсү боюнча үн катты - ИА Караван Инфо
ИИМ блогер Батма Жолболдуеванын билдирүүсү боюнча үн катты

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканы тууралуу үн катты. 

ИИМдин маалыматына таянсак, 2022-жылдын 25-мартында “Акипресс” маалымат агенттигинин журналисти, Баткен шаарынын тургуну Арзыгул Галымбетова арыз менен кайрылган.

Арызында “Батма-бат” ютуб каналында иштеген Батма Жолболдуева аттуу блогер менин аброюна шек келтирип, жаман уят сөздөр менен каралап жатканын, ошондой эле “түбүңө жетем” деген сөздөрдү айтып коркутканын билдирип чара көрүүнү суранган.

Арыз жазган Арзыгул Галымбетова блогер аял менен чыр-чатактан соң, ден соолугу солгундап кечки саат 20:00дөр чамасында ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай абалы начарлап, ошол эле түнү каза болуп калган.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин натыйжасында Батма Жолболдуева шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Батма Жолболдуевага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесинде (Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу), 280-беренесинде (Бейбаштык) жана 379-беренесинде (документтердин жасалмасын жасоо) көрсөтулгөн кылмыш курамынын белгилери менен айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камака алуу түрү тандалган.

Тергөө иштери аяктап Батма Жолболдуевага карата болгон кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

2023-жылдын 22-майында Баткен облустук сотунун өкүмү менен күнөөлүү деп таап, 50 000 (элүү миң) сом айыпка кириптер болуп, 1 (бир) жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Андан сырткары, Батма Жолболдуева 2024-жылдын 6-февралында Жалал-Абад шаарындагы “Хурма” кафесинде Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерин шантаж кылуу жолу менен 25 000 (жыйырма беш миң) сом алып жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя боюнча Батма Жолболдуеванын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынты менен соттук кароого жөнөтүлгөн. 2024-жылдын 28-июнунда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, 30 000 (отуз миң) сом мамлекеттин пайдасына айып салынган.

Учурда Батма Жолболдуева фейсбук баракчасы аркылуу айткан, 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүнү, тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес.

Батма Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: