ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун төрагалыгы алдында нускамалык кеңешме болуп өттү. Ага министрликтин негизги кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Жыйындын негизги темасы жаңы жылдык иш-чаралар учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо болду. Министрдин орун басары майрам күндөрү мүмкүн болгон терс окуяларды алдын алуу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча негизги тапшырмаларды жана чараларды белгиледи.
Мындан тышкары, ведомствонун башчысынын орун басары баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, ведомствонун борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери майрамдык мезгилде жер-жерлерде ишти координациялоо жана уюштуруу үчүн ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө бекитилген.
Кеңешменин жүрүшүндө укук тартибин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби, ошондой эле ички иштер органдарынын жумушчу пландарын бекитүү, тартылган ресурстарды баалоо менен иш-чаралардын деталдуу пландарын иштеп чыгуу, сырткы видеобайкоо камераларынын ишин текшерүү,кызматтык транспорттун максаттуу пайдаланылышын контролдоо, анын ичинде анын техникалык абалын текшерүү, өздүк курамдын кызматтык кийимдерин текшерүүнү жана кызмат өтөөгө даярдыгын талкуулашты.
Октябрь Урмамбетов майрам мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ИИМдин бардык бөлүмдөрүнүн ырааттуу жана ыкчам ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдарда Кыргызстандын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
