ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди - ИА Караван Инфо
ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди

Бүгүн ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына Борбордук Азиядагы БОМКА-10 чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү программасынан алкагында адамдын өздүгүн аныктоого каралган техникалык каражаттар берилди.

Жолугушууга ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысы Александр Иванов, Кыргыз Республикасындагы Борбордук Азиядагы БОМКА – 10 чек араларын башкарууга көмөктөшүү программасынын аймактык жетекчиси Марис Доминш жана БОМКА-10 программасынын Кыргыз Республикасындагы улуттук координатору Рахатбек Боогачиев катышты.

Мындай адамдардын өздүгүн аныктоо үчүн заманбап сканерлерди колдонуу манжа издерин жана алакандарды алуунун эскирген ыкмаларынан акырындык менен баш тартууга, ошондой эле жыл сайын чыгымдалуучу материалдарды сатып алуунун жылдык чыгымдарын кыскартат. Бул өз кезегинде маалыматтарды иштеп чыгууну тездетет жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: