ИИМдин Күзөт кызматынын жаңыланган спорткомплекси ачылды - ИА Караван Инфо
ИИМдин Күзөт кызматынын жаңыланган спорткомплекси ачылды

2024-жылдын 6-декабрында ИИМдин Күзөт кызматынын жаңыланган спорткомплексинин ачылышы болуп, Бишкек шаарынын Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров, Күзөт кызматынын Ардагерлердин кеңешинин төрагасы Мэлс Белеков, «Динамо» КДТСнун төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, ИИМдин ККнын Бишкек шаары боюнча түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов кичи-футбол аянтчасы, самбо жана ок атуучу жайдын оңдоонун жыйынтыгы менен таанышып, акыркы жолу өткөрүлгөн кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган саптык жүрүшкө катышкан ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине медалдарды жана грамоталарды тапшырды.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имараттын фасадынын каптоолору жаңыланып,кичи-футбол аянтчасы,  ок атуучу аянтча, душ жана дааратканалар кайрадан жасалгаланды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду ВМ полкунун командасы, 2-орунду Ленин атындагы күзөта бөлүмүнүн командасы, 3-орунду Биринчи Май күзөт бөлүмүнүн командасы ээледи. Турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, грамота жана медалдар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты чабуулчу» номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: