Илимдер академиясы 60 жылдан бери биринчи жолу калыбына келтирилди - ИА Караван Инфо
Илимдер академиясы 60 жылдан бери биринчи жолу калыбына келтирилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды.

Мамлекет башчысы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкты, салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун көргөзмөсүнө барды, Академиянын окумуштуулары жана кызматкерлери менен жолугушту.

Президент бүтүндөй бир мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы шартта кайрадан ишмердүүлүгүн баштоого канчалык деңгээлде даяр экенинине өзү күбө болуу үчүн барганын айтты. Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты.

“Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам, быйыл Академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнүп берилген”, – деп, Мамлекет башчысы бул – өлкөнүн илим тармагынын өнүгүүсүн колдоо жана сапаттуу илим чөйрөсүн түзүү багытындагы чечкиндүү кадам болуп саналарын кошумчалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: