ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 14-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Ооганстан боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү Тарик Али Бахит Кабулда бир катар жогорку даражалуу талип өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү, деп билдирди ИКУ.

Талибан өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо министри Нур Жалал Жалали менен болгон жолугушууда Ооганстандын саламаттыкты сактоо системасынын шашылыш муктаждыктары, ошондой эле өлкөдөгү медициналык кызматтарды чыңдоо жана кеңейтүү жолдору талкууланды.
Бахит ИКУнун Ооганстандын саламаттыкты сактоо тармагына фундаменталдык колдоо көрсөтөрүн кайталап, аял саламаттыкты сактоо адистеринин маанилүүлүгүн жана кыздарга медициналык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
ИКУнун делегациясы ошондой эле Талибандын билим берүү министри Хабибулла Ага менен жолугушту. Уюмдун маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү программалары талкууланды. ИКУнун өкүлдөрү кыздардын билим алуу укугун баса белгилеп, уюм тарабынан Ооганстандагы билим берүү системасын жакшыртууга багытталган бир нече долбоорлорду талкуулашты.
Мындан тышкары, делегация Ички иштер жана Тышкы иштер министрлери, ошондой эле Талибан өкмөтүнүн коргоо министринин орун басары менен жолугушууларды өткөрдү.
Сүрөт: Ariana News
