2024-жылдын январь-октябрында 453 542,6 млн сом суммасында өнөр жай продукциялары өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 2023-ж. январь-октябрына карата 105,3 пайызды, 2024-ж. сентябрына карата – 96,8 пайызды түздү. Бул тууралуу УСК билдирди.
2024-жылдын октябрында 59 491,4 млн сом суммасында өнөр жай продукциялары өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 2023-ж. октябрына карата 113,0 пайызды түздү.
Өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн 2023-ж. январь-октябрына салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн (1,8 эсе), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердиктин (32,0 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын (22,0 пайызга), фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүнүн (16,6 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүүнүн (14,0 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (9,3 пайызга), ошондой эле электр энергия, газ, буу менен камсыз кылуунун (15,1 пайызга) өсүшү менен камсыздалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
