Эдил Байсалов Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сылык сапары менен келген Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечеги боюнча пикир алышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
