БИШКЕК, 2026-жылдын 8-майы – Karavan Info маалымат агенттиги . Бүгүн, 8-майда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы Дамир Алыбаев, Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев жана Ички аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы полковник Тынычбек Касымбеков 102 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Аспек Жумашевди куттукташты.

Жолугушууда ардагерге терең урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.
Куттуктоо сөзүндө милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов төмөнкүлөрдү белгиледи:
"Согуш учурундагы эрдигиңиздин жана жан аябастыгыңыздын аркасында бүгүн өлкөбүздө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүүдө. Тынч асман, эл үчүн эркиндик жана келечек муундардын бакубаттуулугу сиздин эрдигиңиздин аркасында. Сиздин эрдигиңиз, туруктуулугуңуз жана мекениңизге берилгендигиңиз баарыбыз үчүн түбөлүккө татыктуу үлгү бойдон калат."
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
